География:БУЛАКСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталында. Уз. 5,2 км, аянты 3,3 км2, көлөмү 0,1 км3. Абляция облусунун аянты 1,3 км2. Б. м. Корженевский мөңгүсүн түн.-батыштан тороп турган тоо тармагынын Чоң Алай кырка тоосуна тутумдашкан жеринен орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5300 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4300 м.

Куралуу облусу үч тарабы бийик беттер м-н курчалган төр. Этеги аяккы мореналар м-н торолгон. Мөңгүдөн Кызылагын суусунун курамы Булаксуу башталат.