География:АШУУТӨР МӨҢГҮСҮ
– Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы асимметриялык өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,3 км, аянты 3,4 км2. Аламүдүн суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4140 м, этеги 3370 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийикт. 3790 м. Абляция облусунун аянты 2,4 км2. «Тилинин» этегин мореналар жаап (3370 мге чейин) жатат. Мөңгүдөн Ашуутөр суусу (Аламүдүндүн башы) башталат.