География:АКТЕРЕК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Тескей Алатоонун түн. капталында жайгашкан өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,1 км, аянты 3,0 км2.

Ысыккөлгө куйган – Актерек суусунун башында жайгашкан. А. м. капталдары тик аскалуу кууш өрөөнгө кептелип, бети мореналар м-н туташ капталган. Негизинен кар көчкүлөрдөн куралат. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4670 м, этеги 3540 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийикт. 3810 м. Абляция облусунун аянты 1,6 км2. Мөңгүдөн Актерек суусу башталат.