География:МУЗТӨР КӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Талас Алатоосунун түш.чыгыш капталында, Итагар суусунун алабында жайгашкан. Ал деңиз деңг. 3 010 м бийиктиктеги тепши сымал төрдүн таманын ээлеп жатат. Уз. 6 50 м, эң жазы жери 450 м, аянты 0,195 км2. Көлөмү 1,82 млн м3.

Эң терең жери 23 м. Түн.-батыш тарабындагы морена жалчасы көлдү бөгөп турат. Көлдүн түсү чаңгыл жашыл келип, тунуктугу 1,7 м (орто бөлүгү). Кар ж-а мөңгү сууларынан толукталат. Жээги тик, таштуу. Түн.-чыгыш бөлүгүнөн бөгөттү жиреп суу агып чыгат. М. к-нөн 200 м жогору, деңиз деңг. 3 315 м бийиктикте дагы бир чакан көл бар. Анын уз. 2 88 м, эң жазы жери 160 м. Жыл бою муз каптап жатат. Көлдөн босого аркылуу агып чыккан суу бийикт. 6 0 м келген граниттүү кашаттан кооз шаркыратманы пайда кылат.