География:КӨЛСУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Какшаал тоо тизм егин ин бир тармагы – Сарыбелес тоосундагы көл.

Аксайдын оң куймасы – Көккыянын алабында, деңиз деңг. 3 514 м бийиктикте жайгашкан. Ураган тоо тектердин өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Аянты 4,5 км2, тереңдиги 20 мге чейин, суу куралуу аянты 488 км2. Өрөөндүн формасын кайталап түндүктөн түштүктү карай 5 кмден ашык созулуп жатат. Туурасы 800–1000 м. Агып чыккан суу Көлсуу деп аталып, Көккыяга куят. Алабында жалпы аянты 2,7 км2ден ашык мөңгүлөр бар.