География:ДУБАНА КӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Чаткал кырка тоосунун түн. капталында жайгашкан кооз көл.

Чаткал өрөөнүнүн төрүндөгү Дубана суусунун сол куймасы Каратоконун алабынан орун алган. Көл чанагы мөңгүнүн таасиринен пайда болуп, деңиз деңг. 3 000 м бийиктикте жатат. Аянты 0,54 км2. Кар, жаан–чачын сууларынан куралат. Айланасында көк карагай, арча, кайың, түрдүү бадал өсөт. Көлдөн Каратоко суусу агып чыгат.