География:ШАМШЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Чүй р-ндагы суу, Чүй д-нын сол куймасы. Уз. 58 км, алабынын аянты 475 км2. Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Жогорку агымы кууш капчыгай аркылуу өтүп, Чүй өрөөнүнө чыкканда нугу кеңеет. Эң ири куймасы – Туюк (уз. 24 км, алабынын аянты 177 км2). Алабында жалпы аянты 31,0 км2 болгон 23 мөңгү бар. Кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Суу май айында кире баштап, сентябрда тартылат.

Жылдык орт. чыгымы ортоңку агымында 5,08 м3/сек. Байкалган эң көп чыгымы 48,1 м3/сек (август), эң азы 0,82 м3/сек (февраль). Сугатка пайдаланылат. Азыркы кезде Чыгыш Чоң Чүй каналына бириктирилген. Боюнда Калиновка, Кызыласкер, Шамшы кыш. жайгашкан.