География:ЧЫЧКАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Талас Алатоосунун түш. капталындагы Түз ашуусу чендеги майда булактардан башталган суу, башы Туюктөр аталат. Жогорку агымында жайык, ортоңку ж-а төмөнкү бөлүгүндө кууш өрөөн аркылуу агып, Токтогул суу с-на куят. Уз.

78 км, алабынын аянты 1290 км2. Чычкан өрөөнү токойлуу келип, Кырг-ндагы кооз жерлердин бири. Өрөөнүндө гидрометеорологиялык ж-а көчкүнү изилдөөчү станциялар болгон. Жылдык орт. чыгымы 19 м3/сек. Эң көп чыгымы июнда (72,7 м3/сек), азы мартта (0,80 м3/сек) байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Ири куймалары: Итагар, Арым (оң), Балачычкан, Терисай (сол). Сугатка пайдаланылат. Чатына жакын Токтогул шаарчасы жайгашкан.