География:ЧОҢ КЫЗЫЛСУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Ысыккөл өрөөнүндөгү суу. Уз. 48 км, алабынын аянты 340 км2.

Тескей Алатоонун борб. бөлүгүнүн түн. капталындагы Ашуутөр мөңгүсүнөн башталып, Ашуутөр аталат да, оң тарабынан Кашкатөр суусу куйгандан кийин Ч. К-ну пайда кылат. 14 майда куймасы бар: ирилери: Сабатөр, Келдике, Кашкатөр, Айлампа, Шатылы ж. б. Жылдык орт. чыгымы 4,7 м3/сек, эң көбү 20,8 м3/сек (жайында), азы 0,7 м3/сек. Алабында 46 мөңгү бар (жалпы аянты 44,3 км2). Жайында кирип, күзүндө тартылат. Ч. К.-нун боюнда 2500 м бийикте Кыргыз Респнын ИАнын Тяньшань физ.-геогр. станциясы, 2000 м бийикте Чоң Кызылсуу кыш. жайгашкан.