География:ЧОҢ КАЙЫҢДЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Кыргыз Алатоосунун түн. капталынан башталган суу. Чүй д-нын сол куймасы. Космонавттар (аянты 2,9 км2) ж-а Туюктөр (3,0 км2) мөңгүлөрүнөн башталат. Уз. 30 км, алабынын аянты 167 км2.

Көп жылдык орт. чыгымы (аты уйкаш капчыгайдын оозунда) 1,8 м3/сек, эң көп чыгымы 24,6 м3/сек (1945), эң азы 0,26 м3/сек (1938). Чүй д-на жетпей сугат каналдарына бөлүнүп кетет. Жээгинде Капталарык, Кайыңды кыш. жайгашкан.