География:ЧОҢ КАЗЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Каракулжа р-ндагы суу, Тар суусунун сол куймасы. Уз. 33 км, алабынын аянты 342,5 км2. Кызылагын ашуусундагы булактардан башталып, түндүктү карай агат. Башкы агымында Домбра деп аталат. Жылдык орт. чыгымы 3,61 м3/сек, эң көп чыгымы июнда (9,87 м3/сек), азы февралда (0,35–0,40 м3/сек) байкалат.

Апрелде кирип, сентябрда тартылат.