География:УЛАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Атбашы суусунун сол курамы.

Нарын кырка тоосуна Улан тоосу кошулган жердеги чакан мөңгүлөрдөн башталат. Уз. 21 км, алабынын аянты 234 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 3600 м. Суу куралуу облусуна кирет. Бийик тоолуу кууш өрөөн аркылуу шар агып, Ойнокжар туштан Жаңыжер суусу м-н кошулат да, Атбашы суусун түзөт. 11 куймасы бар; ирилери: Көкжар, Текелитөр, Байбичежылаңач (оң), Аюулутөр (сол). Негизинен мөңгү, кар ж-а булак сууларынан куралат. Алабында жалпы аянты 8,3 км2 келген 25 чакан мөңгү бар. Жылдык орт. чыгымы 2,50 м3/сек, эң көбү июнь-июлда, эң азы февраль-мартта байкалат.