География:ТЕРС
– Алабука р-нундагы суу. Чаткалдын ири сол куймасы. Чаткал кырка тоосунун түн. капталынан башталат. Уз.
40 км, алабынын аянты 540 км2. Негизинен кар, жамгыр ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 8,81 м3/сек, эң көбү 67,6 м3/сек, эң азы 0,3 м3/сек. Апрелде кире баштап, июнь – июлда ташкындайт; сентябрда тартылат. Ири куймалары: Туурасай, Баястансай, Шилбилисай, Күйүксай, Чоңбулаксай, Рабатсай, Ителгисарыбулак ж. б. Сугатка пайдаланылат.