География:ТАМГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Тескей Алатоонун түн. капталынынан агып түшкөн суу. Ысыккөлгө куят. Уз. 27 км, алабынын аянты 162 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 3170 м. Куралуу облусуна кирет. Тескей Алатоонун түн. капталынан Төр деген ат м-н башталып, кууш капчыгай аркылуу түндүктү көздөй агат. Негизинен кар, мөңгү ж-а жаан-чачын сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 1,10 м3/сек, эң көбү июль – августта, азы январда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Тамга кыш., «Тамга» санаторийи жайгашкан.