География:ТАЛДЫК
– Алай кырка тоосунун түн. капталындагы Актөр тоосунун түн. капталынан башталган суу. Карадарыяга жетпей (Лянгар кыш. тушта) сугат системасына бөлүнүп кетет. Уз. 69 км, суу куроо аянты 346 км2. Төмөнкү агымынын нугу кенен. Үч сол куймасынын эң ириси– Талдыксуу (уз. 22 км). Жылдык орт. чыгымы 1,28 м3/сек, эң көбү (май айында) 9,6 м3/сек, азы (февралда) 0,20 м3/сек.
Апрелде кирип, августта тартыла баштайт. Кар, булак ж-а жамгыр сууларынан куралат. Өрөөнүндө Мады, Башбулак, Лянгар, Акжар, Каттаталдык ж. б. кыш. жайгашкан.