География:СӨӨК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– суу, Кочкор суусунун оң курамы. Уз. 49 км, алабынын аянты 470 км2.

Жумгал кырка тоосунун түн.-чыгыш капталынан башталып, чыгышты карай агат да, Каракол м-н кошулуп, Кочкор суусун түзөт. Жогорку агымында кууш өрөөн м-н агып, Кочкор өрөөнүнө чыкканда салааларга бөлүнөт. С-түн 45 куймасы бар; ирилери: Уутөр, Жаманечки, Итүргөнчоку (сол), Сарытөр, Жалпакташ, Кумбел (оң). Алабында 10 мөңгү ж-а 11 көл жайгашкан. Эң ири көлү Самынкөл (аянты 0,13 км2). Негизинен кар ж-а мөңгү, булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 5,9 м3/сек. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Мантыш, Кызылдөбө кыш. жайгашкан.