— Жумгал р-нундагы суу, Көкөмерендин сол куймасы. Уз. 33 км, алабынын аянты 235 км2. Музтөр деген ат м-н Жумгал кырка тоосунун түш. капталынан башталат да, Жумгал ж-а Ойкайың тоолорунун аралыгы м-н агып, Көкөмеренге куят. Ортоңку бөлүгүндө жайык, Көкөмеренге кошуларда кууш өрөөн м-н агат. Жылдык орт. чыгымы 1,5– 2,8 м3/сек, эң көп чыгымы июнь – июлда, азы февралда байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат. Ири куймалары: Талдысуу, Туурасуу, Түзашуу, Акташ, Кошбулак (оң), Басады, Боронду (сол). Сугатка пайдаланылат. Боюнда Тунук кыш. жайгашкан.