География:НОРУЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

, Н о р у с – Чүйдүн сол куймасы. Уз. 34 км (Чоң Чүй каналына кошулганга чейин), алабынын аянты 196 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 2700 м, эң бийик жери 4522 м. Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы кууш колоттон Чолоктөр деген ат м-н башталат. Ортоңку бөлүгүндө Кумбел аталып жазыраак өрөөн м-н агат. Төмөнкү бөлүгү Н. аталып, кууш босого аркылуу Чүй өрөөнүнө чыгат. Жылдык орт. чыгымы 1,20 м3/сек; эң көбү май – июнда, эң азы февралда байкалат. Сугатка кеңири пайдалангандыктан Чүйгө жетпейт. Боюнда Жерказар, Төмөнкү Норус, Кайырма ж. б. кыш. жайгашкан.