География:КИЧИ ҮЗӨҢГҮКУУШ
– Ички Теңиртоодогу суу, Чоң Үзөңгүкууштун сол куймасы. Уз. 35 км, алабынын аянты 685 км2.
Борколдой кырка тоосунун түн.-батыш капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, адегенде чыгышка (5–6 км), бара-бара түш.-чыгышты карай агат. Өрөөнү кууш, суусу шар агат. Ири куймалары: Ичкесуу (22 км), Кайнар (24 км; алабында аянты 0,56 км2 келген Кайнар көлү бар), Тосмочоңкапчыгай (22 км). Жылдык орт. чыгымы 3,75 м3/сек. Эң көбү июль – августта, азы март – апрелде байкалат. Май айында кире баштап, октябрда тартылат.