География:КИЧИ НАРЫН
– Ички Теңиртоодогу суу.
Тоң ж-а Нарын р-ндорунун аймагында. Жетимбел кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Уз. 144 км, алабынын аянты 3870 км2. Башталышында Буркан деген ат м-н батышка агып, Үчемчек кошулгандан кийин Балгарт аталып, ал Жылаңач м-н кошулуп Кичи Нарынды түзөт. Кууш ж-а терең капчыгай м-н агып, Кашкасуудан кийин түштүккө бурулат. Нура ж-а Жетим кырка тоолорун кесип өтөт. Босоголору көп. Капчыгайдан кийин кашаттуу өрөөн м-н Чоң Нарынга кошулуп, Нарын д-н түзөт. Карасаздын чатында бир аз салааларга бөлүнөт. Жылдык орт. чыгымы 43,0 м3/сек. Эң чоң чыгымы 205 м3/сек (июль), эң азы – 4,33 м3/сек (февраль). Алабында 20дай көл бар. Ири куймалары: Үчемчек, Карасаз, Каракалак, Эгизтөр, Сарыкүнгөй (оң); Айкөл, Жаманечки, Арчалы, Жылаңач (сол). Өрөөнү Тоң ж-а Нарын р-ндорунун жайыты.