География:КЕКИЛИКУЧАР
– Базаркоргон р-нундагы суу, Караүңкүрдүн сол куймасы. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы булактардан башталат. Уз. 39 км (Шаркыратманы кошкондо). Алабынын аянты 198 км2, деңиз деңг. орт. бийикт.
1200 м. Жогорку агымында Шаркыратма деп аталат. Жапыз тоо ж-а адырларды аралап агат. Суу тартылган мезгилде айрым учурда соолуп да калат. Жылдык орт. чыгымы 0,67 м3/сек. Негизинен кар, жаанчачын ж-а булак сууларынан куралат. Сугатка пайдалангандыктан Тентексайга (Караүңкүргө) жетпейт. Жээгинде Каражыгач кыш. жайгашкан.