География:КЕГЕТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Чүй р-нундагы суу. Кыргыз Алатоосунун түн. капталынан башталып, Чүй д-на жетпей сугатка бөлүнүп кетет.

Уз. 55 км, алабынын аянты өрөөнү 290 км2. Баш жагында токойлуу кууш өрөөн м-н агып, өзөнүндө шагыл таштар, босоголор бар. Тоодон чыга бериште өрөөнү кеңейип, салааларга бөлүнүп кетет. Жылдык орт. чыгымы 2,34 м3/сек. Эң көп чыгымы июлда, эң азы февралда байкалат. Декабрда тартылып, май айында кире баштайт. Ири куймасы – Көлтөр (17 км). Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кегети, Акбешим ж. б. кыш. жайгашкан.