География:КАРАТОКО
– Чаткал р-нун аймагы аркылуу аккан суу, Чаткал суусунун оң куйма сы. Уз. 24 км, алабы нын аян ты 150 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3300 м. Суу куралуу облусуна кирет. Чаткал кырка тоосунун түн.-батыш капталындагы мөңгүдөн башталып, кууш капчыгай аркылуу агып, Каратоко көлүнө куят, андан чыккан суу Чаткал өрөөнүнө агып чыгат. Алабында мөңгү бар. Жылдык орт. чыгымы 2,60 м3/сек, эң көбү июнь – июлда, эң азы февраль – мартта байкалат. Өрөөнү кооз; карагай, бадал токою ээлейт.
КАРАҮҢКҮР, Те н те к с а й – Карадарыянын оң куймасы. Уз. 127 км, алабынын аянты 4130 км2. Фергана ж-а Бабашата кырка тоолорунан башталган Кызылүңкүр ж-а Арстанбап сууларынын кошулушунан түзүлөт. Алабында жапайы жаңгак-жемиш токойлуу табигый кооз аймактар – Кызылүңкүр өрөөнү ж-а Арстанбап өрөөнү жайгашкан. Чарбак кыш. туштагы жылдык орт. чыгымы 29,6 м3/сек; эң көбү 85,7 м3/сек (май), эң азы 9,64 м3/ сек (янв.). Негизги куймалары: Арстанбап, Шайдансай, Кызылүңкүр, Жазкечүү ж. б. Суусун толук пайдалануу үчүн Базаркоргон суу с. (көлөмү 22 млн м3) курулган. Сугатка пайдаланылат. Жээгинен Кызылүңкүр, Ооганталаа, Акбулак, Арстанбап, Чарбак, Абдураимов атн. (Совет), Базаркоргон ж. б. кыш. орун алган.