География:КАРАСАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Жетөгүз р-нун аймагы аркылуу аккан суу, Чоң Нарындын сол куймасы. Уз. 61 км, алабынын аянты 845 км2.

Акшыйрак тоо тоомунун түн.-батыш капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, түш.батышты, түштүктү, андан кийин батышты карай агат. Башталышында капчыгай аркылуу өтүп, тоодон чыкканда нугу кумдуу келип, саздуу өрөөн м-н агат да, салааларга бөлүнүп Чоң Нарынга сол жактан куят. Ири куймалары: оңу – Ачыкташтөр, Кундай, Кыркоосуу, солу – Эгизтөр, Сарытөр, Туюкчакыркорум. Жылдык орт. чыгымы 13,9 м3/сек. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – февралда тартылат. Эң көп чыгымы июль-августта, азы январьфевралда байкалат.