География:КАРАКУЛЖА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Токтогул р-нун аймагы аркылуу аккан суу, Узунакмат суусунун оң куймасы. Уз. 60 км, алабынын аянты 651 км2. Чаткал кырка тоосу м-н Талас Алатоосунун тутумдашкан жериндеги мөңгүдөн башталып, Узунакмат (түн.) ж-а Атойнок (түш.) тоолорунун ортосунда батыштан чыгышка карай агып, Узунакматка куят. Өрөөнүндө карагай, бадалдар, суу бойлой кайың, тал, четин, арча өсөт.

К-га 80ден ашуун өзөн куят, алардын ирилери: оңу – Атойнок, Намансуу, солу – Өкүм, Ыргайлы, Көл. Апрелде кире баштап, октябрда тартыла баштайт. Негизинен булак (49%), кар, мөңгү (46%) ж-а жаан-чачын (5%) сууларынан куралат. Алабында жалпы аянты 6,2 км2ге жеткен 20дан ашык мөңгү бар. Жылдык орт. чыгымы 10,5 м3/сек. Сугатка пайдаланылат.