География:КАРАКӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Ош обл-нун Ноокат р-нундагы суу, Аравансайдын оң куймасы.

Кичи Алай кырка тоосунун түн.-батыш капталынан агып түшөт. Уз. 41 км (Айырташты кошкондо), алабынын аянты 387 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2900 м. Айырташ суусу Алтынказык тоосунун түш., Алай кырка тоосунун түн.-батыш капталынан башталган майда суулардан түзүлүп, адегенде капчыгай аркылуу агып, кууш өрөөнгө чыгат. Ортоңку бөлүгүндө Косчан деп аталып, Жерарык суусу м-н кошулат да, К-дү түзөт. Жылдык орт. чыгымы 3,86 м3/сек. Эң көбү июнда, эң азы февралда байкалат. Ири куймала ры: Шанкол (сол), Жаңысай, Жаркоргон (оң) ж. б. Суусу Аравансайга жетпей сугат тармактарына бөлүнүп кетет. Жээгинде Алике, Жаңыбаш, Карабаш ж. б. кыш. жайгашкан.