География:КАРАБУУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Талас д-нын сол куймасы.

Уз. 64 км, алабынын аянты 797 км2. Талас Алатоосунун батыш бөлүгүнүн түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2570 м, анда жалпы аянты 8 км2дей болгон майда мөңгүлөр жайгашкан. Жалпы уз. 470 км келген 193 куймасы бар; ирилери: Тайты, Шилбилисай. Куймалар өзүнчө тармакталган суулардын катарына кирет: Тайтынын жалпы уз. 27 км келген 21 куймасы, Шилбилисайдын 113 км келген 32 куймасы бар; Кууганды–10 км, Кайыңды–14 км, Сагызганды–12 км, Койбулак–13 км. Чатынан 15 км жогору К-га оң тараптан суу өткөрүү жөндөмдүүлүг ү 4,0 м3/сек болгон Сайбай каналы кошулат. Май – октябрда кирип, ноябрь – апрелде тартылат. Суусу мол июлдун орт. чыгымы 11 м3/сек, суусу тартыш февраль – апрелдерде 1,20 м3/сек. Эң көп чыгымы 52 м3/секга жетет. С уга тка па йда лан ыла т. К-д ан суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү 5,95 м3/сек келген 8 сугат каналы чыгарылган. Өрөөнүндө Кызыладыр, Чоң Карабуура кыш. жайгашкан.