География:КАЙЧЫ
– Жетөгүз р-нундагы суу, Акшыйрактын оң куймасы. Уз. 34 км, алабынын аянты 288 км2. Какшаал кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, түндүктү карай кууш капчыгай аркылуу агат. Сол тараптан негизги курамы Айрытөр куйгандан кийин өрөөнү жайылат. Нугунда босоголор көп. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3700 м. Ири 10 куймасы, алабында жалпы аянты 46,9 км2 келген 58 мөңгү бар. Жылдык орт. чыгымы 1,1 м3/сек. Эң көбү августта, азы январда байкалат. Өрөөнү жайыт.