География:КАЙНАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Жетөгүз р-нундагы суу, Кичи Үзөңгүкууштун оң куймасы. Уз. 24 км, алабынын аянты 149 км2 . Борколдой кырка тоосунун түш.-батыш капталындагы Кайнар көлүнөн башталат. Жогорку агымында кууш ж-а аскалуу капчыгай м-н түш.-чыгышты карай агып, 2950 м бийиктикте Кичи Үзөңгүкуушка кошулат.

Негизинен мөңгү, кар ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 2,13 м3/сек; эң көбү май-июнда, эң азы февраль-мартта байкалат.