География:КАБАСАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Алабука р-ну аркылуу аккан суу, Сырдарыянын оң куймасы. Уз.

96 км, алабынын аянты 724 км2. Чаткал кырка тоосунун түш. капталынан б а ш та лат. Жогорку бөлүгүндө терең ж-а кууш капчыгай аркылуу агып, Каба кыш-на жеткенде тектирлүү жайык өрөөнгө өтөт. Эскабад кыш-на жакын салааларга бөлүнөт. Апрелде кирип, августта тартылат. Жылдык орт. чыгымы 6,02 м3/сек, эң көбү 20,2 м3/сек, эң азы 1,35 м3/сек. Сугатка пайдаланылгандыктан Сырдарыяга жетпейт. Боюнда Чуст ш., Пап, Эскабад, Кожабад кыш. жайгашкан.