География:ИСФАНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Лейлек р-нундагы суу. Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы – Алтынбешик тоосунун түн. капталынан башталат.

Уз. 35 км, алабынын аянты 330 км2. Бийик тоолуу капчыгайдан Түзжайлоо өрөөнүнө чыкканда жерге сиңип кетип, Исфана – Карабулак өрөөнүндө кайра чыгат да, ага Тегирмелик суусу кошулат. Төмөнкү агымында Карасуу ж-а Андарсай деп да аталат. Суусунун көбү жерге сиңип кеткендиктен жылдык орт. чыгымы өтө аз (0,2–0,5 м3 /сек). Негизинен кар, жаанча чын ж-а булак сууларынан куралат. Эң чоң чыгымы май – июнь, эң азы февраль – март айларында байкалат. И-дан сугат каналдары башталат. Боюнда Исфана ж. б. кыш. жайгашкан.