География:ЖАМАНДАВАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Тогузторо р-нундагы суу, Алабуганын оң куймасы. Уз. 64 км, алабынын аянты 335 км2. Жамантоонун түн. капталынан башталып, жогорку агымында Сырткашкасуу аталып, Туурасуу кошулгандан кийин Жамандаван аталат да, кууш өрөөн аркылуу түндүктү карай агат. Ортоңку ж-а төмөнкү агымында өрөөнү кеңейип, саздуу келет. Жылдык орт. чыгымы 2,6–3,5 м3/сек, эң көбү июнь – июлда, азы февраль – мартта байкалат.

Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Сугатка пайд алан ылат.