География:БАРСКОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Жетөгүз р-нундагы суу.

Уз. 62 км, алабынын аянты 352 км2. Тескей Алатоосунун орто бөлүгүндөгү Саралаташ ашуусунан (бийикт. 3684 м) башталып, Ысыккөлгө куят. Жалпы уз. 100 кмге жеткен 49 куймасы бар. Ирилери: Дүңгүрөмө, Шаркырак, Атжайлоо, Жаңыкоргон, Керегеташ ж. б. Алабында жалпы аянты 0,48 км2 келген 9 көл, кооз шаркыратмалар бар. Алабынын жалпы аянтынын 10%ин мөңгү ээлейт. Май ай ын да кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 4,07 м3/сек; эң көбү 55,8 м3/сек, эң азы 0,11 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Барскон кыш. жайгашкан.