География:АКСУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Аксуу р-нундагы суу, Жыргалаңдын сол куймасы. Уз. 45 км, алабынын аянты 513 км2. Тескей Алатоонун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталган Алтынарашан ж-а Алмалуу суулары кошулуп А-ну түзөт. Алабында 12 көл бар, алардын жалпы аянты 0,42 км2. Ири куймалары: Адыртөр, Чоң Кашкасуу. Майда кире баштап, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 5,10 м3/сек; эң көбү – 14,4 м3/сек, эң азы – 1,26 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Алмалуу өрөөнүнүн оозунда Аксуу санаторийи, андан төмөн Теплоключенка кыш. жайгашкан.