География:ЧОҢКОЙ СЫМАП КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Баткен облусунун Кадамжай р-нунда. Кызылкыя ш-нын түш.-чыгышында, Алай кырка тоосунун түш. этегинде. 1950-ж. ачылган. Кен аймагын кембрий, силур, девон мезгилдеринде пайда болгон кумдук, сланец, акиташ теги ж-а жанартоо-чөкмө тектери, аларды жиреп чыккан интрузиялар түзөт. Бул тоо тектер бүктөлүүлөргө дуушарланып, антиклиналь структурасын түзүп жатат; о. эле тектон. жаракалар м-н тилмеленип, татаал майда блокторго бөлүнгөн. Жаракалардын кесилишкен жеринде сымаптуу серпентинит ж-а лиственит линзалары учурайт. Кен аянтынын уз. 1,5–5 км, калыңдыгы 3–80 м.

Руда тарамча ж-а линза түрүндө кездешет. Көп фазалуу татаал гидротерм процессинен пайда болуп, негизинен киноварь, пирит, халькопирит, марказит, миллерит, арсенопирит ж. б. минералдардан турат. Кен терең шахталардан казып алынууда. Сымаптын орт. өлчөмү 0,274 %, запасы С1+С2 категориясы б-ча 24419 т, (1995).