География:ЧАТБАЗАР МРАМОР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
–Талас рнундагы мрамор кооз ташы жаткан жер.

Чатбазар кыш-нан 5 км түн.-чыгышта, Кыргыз Алатоосунун бир айрыгы–Ортотоонун жонунда жайгашкан. 1970-жылдан белгилүү. Кен аймагын протерозойдун аягында пайда болгон мрамор, филлит сланецтери, кварц кумдугу ж-а кварцташкан доломит тоо тектери түзөт. Мрамор катмарынын уз. 1200 м, калыңдыгы 120–130 м. Өңү кызгылтым, күрөң кызыл ж-а боз. Составында темирдин кычкылдары кездешкендиктен кошумча кызгылт түс берилип, кооздугун арттырат. Блоктуулугу 19,7%. Таш оңой кесилип, жакшы сайкалданат. Запасы В+С категориясы б-ча 23 705 560 м3. Кендин мрамору имараттын ички ж-а сырткы дубалдарын кооздоп каптоого жарактуу.