Жалалабат облусунун Сузак р-нунда. Жалалабат ш-нан 30 км батыш тарапта, Акман адырларынын түш. этегинде жайгашкан. 1932жылдан белгилүү. Кен аймагын неоген, палеоген ж-а бор мезгилдеринде пайда болгон чопо, кумдук, алевролит, доломит ж-а акиташ тектери түзөт. Мунай м-н газ палеоген мезгилинин майда бүртүкчөлүү, ачык күрөң, агыш боз түстөгү кумдук ж-а акиташ тегинде топтолгон. Кабаттардын орт. калыңдыгы 25, 16 м. Мунай жеңил, салышт. салм. 0,849, парафиндүү акциздик чайырлар 28–32%. Бургулоо көзөнөгүнөн мунайдын чыгышы суткасына 0,8 –2,1 т. Кен кабаттарынын аянты 2,8х3,7 кмге жетет. Газ мунай м-н кошо чыгат. Салышт. салм. 0,82–0,87%; составында 70–80% метан, 11% азот бар. Кен 1938-жылдан иштетилип, мунай ж-а газ алынат.