География:ТҮШТҮК ФЕРГАНА МУНАЙ-ГАЗДУУ АЙМАГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай р-ндагы мунай ж-а газ кени жайгашкан ири аймак. Түштүгүнөн Түркстан ж-а Алай кырка тоолору, батышынан ж-а түндүгүнөн Тажик, Өзбек респлары, чыгышынан Исфайрамсай суусу м-н чектелет. Аймакта Түн. Риштан, Саркамыш, Сарөтөк сыяктуу мунай ж-а газ кендери бар. Мындагы кендер жөнүндөгү алгачкы геол. маалымат 1886-ж. берилген.

Райондун чегинде мезозой м-н кайнозойдун чөкмө тектери жатат. Алар татаал бүктөлүүлөргө дуушарланып, антиклиналдык түзүлүштөрдү пайда кылган. Мунай м-н газ антиклиналдык түзүлүштөрдүн канаттарындагы мезозой заманынын ж-а неоген мезгилинин кумдук, акиташ тектеринде топтолгон. Пайдалуу кабаттардын калыңдыгы 215 мге жетет. Мунай метандуу класска кирет.