География:КЕҢСУУ ВОЛЬФРАМ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ысыккөл облусунун Аксуу р-нунда, Тескей Алатоонун түш. капталында, Кеңсуу суусунун баш жагында, деңиз деңг. 3300–3750 м бийиктикте жайгашкан. 1985–90-ж. чалгындалып, запасы эсептелген. Кен аймагы жогорку протерозой мезгилинин акиташ, чопо, чополуу сланецтери, акиташ, кумдук, алевролит, конгломерат, гравелит ж-а төмөнкү карбон мезгилинин интрузия м-н жирелген кумдук, гравелит, алевролит, акиташ, сланец, конгломерат тектеринен түзүлгөн. Интрузия м-н жанаша жаткан тектердин контакты роговикке, скарноидке ж-а скарнга айланган. Кенде вольфрамдуу эки зона бөлүнгөн. Зоналардын уз. 100–350 мге, жантаюсу б-ча–250 мден 550 мге, калыңдыгы 7ден 150 мге чейин. Зоналардын ичинде уз. 40–250 м, жантаюсу б-ча 60–460 м, калыңдыгы 1,25–19,75 м болгон линза сымал руда тулкуларына бөлүнгөн. Вольфрамдын үч кычкылынын орт. өлчөмү–0,41%. Руданын эсептелген запасы С1+ С2 категориясы б-ча 5846 миң т, вольфрамдын үч кычкылынын запасы С1+ С2–29,5 миң т.