География:КАПЧЫГАЙ УРАН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ысыккөл обулусунда, Күнгөй Алатоонун батыш жак учунун түш. капталында. Кенде минералдашкан эки зона бар. Биринчи зонада эки руда тулкусу аныкталган. Алар кварцанкрит тарамдарында топтолгон. Уз. 60 м, урандын өлчөмү аз сандан 0,024%ке чейин, экинчисинин уз. 50 м, андагы урандын өлчөмү–0,038%. Экинчи минералдашкан зона биринчиге жарыш жатып, андагы руда тулкусунун уз. 65 м, калыңдыгы 1–2 м, урандын орточо өлчөмү 0,054%.