География:КАДАМЖАЙ СУРЬМА КЕНИ
Баткен облусунун Кадамжай р-нунда. Алай кырка тоосунун түш. капталындагы Шаймерден суусунун сол өйүзүндө (Акташ тоосунда) жайгашкан. 1914-ж. табылган. 1933–35ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен аймагын силур, девон ж-а карбондун карбонат, терриген чөкмө тектери (сланец, кумдук, гравелит, акиташ теги) түзөт. Руда негизинен карбондун акиташ теги м-н девондун сланецтери кошулган жерде, тектон. процесстерден пайда болгон роговикжаспероид брекчияларында топтолгон.
Брекчия кабаттарынын калыңдыгы 25–30 мге жетет. Руда тулкусу негизинен татаал кабатча, кээде тарам же линза түрүндө. Руда өтө чачкын ж-а бардык жерде бир калыпта таралбаган. Аны түзүүчү негизги минерал–антимонит. Кээде пирит, сфалерит, реальгар, аурипигмент, халькопирит, марказит, галенит ж. б. кездешет. Кен жер бетине жакын (3 кмге чейинки) тереңдикте төмөнкү темп-радагы шартта гидротермден пайда болгон. К. к-нин базасында курулган сурьма казып алуучу алгачкы жерг. ө. ж. ишканасы 1934-жылдан ий гиликтүү иштеп жатат. Кен жер астындагы терең шахта м-н казып алынат. Кенден бөлүп алынган сурьма 1958-ж. Брюсселдеги бүткүл дүйн. көргөзмөдө чоң алтын медалын алып, азыркы мезгилде тазалыгы б-ча дүйнөлүк эталон.