География:ИШТАМБЕРДИ АЛТЫН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Жалалабат облусунун Чаткал р-нунда, Чаткал кырка тоосунун түш. капталында, Касан суусунун оң куймасы Иштамбердинин төмөнкү агымында, деңиз деңг. 2005–2450 м бийиктикте жайгашкан. 1934-ж. табылган. 1981–86-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы – Иштамберди антиклиналдык катмарга бүктөлгөн, түн.чыгыш жагы андагул гранодиориттери м-н жирелген, протерозойдун мраморлорунан, кварц-талаашпат-биотиттүү сланецтери ж-а амфиболдуу сланецтеринен түзүлгөн. Рудалануу семизсай свитасынын кристаллдуу сланецтеринин андагул гранодиорит массивине жакын жеринде, катмар аралык талкаланган зоналары ж-а ар түрдүү багыттагы жаракалардын кесилиштери м-н байланышкан. Кен магмадан кийинки гидротермдик процесстин негизинде пайда болуп, рудалануу тарам ж-а минералдашкан зона тибине, алтын-сульфиддик формациясына кирет. Руданын негизги минералдары: пирит, арсенопирит, нукура алтын, антимонит ж. б. Алтын м-н кошо күмүштү да бөлүп алууга болот. Рудадагы алтындын орт. өлчөмү 7,49 г/т. Руданын запасы ж-а ресурсу 10463,4 миң т. Алтындын запасы ж-а ресурсу 78,361 т. Кен казып алууга даярдалган.