География:ЫСЫКАТА КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Кыргыз Алатоосунун түн. капталында. Түш.-батыштан түн.-чыгышты карай 50 кмге созулуп жатат. Капчыгайдын таманынын туурасы оозунда 1,5 км, Карагайбулак кыш. тушта 0,8 км. Баш жагы деңиз деңг. 4500 м, этеги 1000 м бийикте жайгашкан. Капчыгай өтө терең, тик капталдуу (35–50°), кырлары таманынан 1000–1600 м бийикте; беттеринде талаа, 1600–2500 м шалбаалуу талаа жыш бадалдар, арчалуу токой, 2500– 3500 м субальп, альп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Ы. к-на оң жактан Туюк капчыгайы (уз. 40 км) кошулат. Анын беттерин 2000– 2700 м тилкеде жыш карагай токою ээлейт.

Капчыгай аркылуу Ысыката суусу агат. Минералдуу ысык булак (к. Ысыката минералдуу суусу) бар. Капчыгайдан Ысыката курорту, төмөнкү жайык бөлүгүндө Карагайбулак кыш. орун алган.