География:ШАМШЫ КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Кыргыз Алатоосунун чыгыш бөлүгүнүн түн. капталында. Чүй р-нун аймагында. Уз. 40 км, тереңдиги жогорку бөлүгүндө 800–1100 м, төмөн жагында 400–600 м. Капчыгай кууш ж-а тик капталдуу (35–45°). Жогорку бөлүгүндө түн.-чыгыш багытында, Көлтөр суусунун чатынан түндүккө бурулуп жазы өрөөнгө өтөт. Сол жагында негизги айрыгы Туюк капчыгайы бар. Капчыгай аркылуу Шамшы суусу агат. Капталдарында бадал, карагай, арча токою, субальп ж-а альп шалбаалары таралган. Капчыгайдын баш жагында Кочкор ж-а Чүй өрөөндөрүн байланыштыруучу Шамшы ашуусу (3570 м) жайгашкан. Ашуудан ары тоонун түш. капталында уз. 20 км, тереңдиги 300–500 м келген кууш капчыгай да Шамшы аталат.

Ш. к. жайытка пайдаланылат.