География:ЧИЛИСАЙ КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Кичи Алай тоосунун түндүк капталындагы Чилисай суусунун агымы б-ча (Гезарт ж-а Актөбө суулары кошулгандан тартып Ноокат өрөөнүнө чыга беришке чейин) 23 кмге созулуп жатат. Таманынын туурасы 300– 600 м, деңиз деңг. бийикт. 1600–2400 м.

Капчыгай кууш, капталдары тик келип, кокту-колоттуу. Курчаган тоолордун капчыгайдын таманынан салыштырмалуу бийикт. 700–900 м. Капчыгай аркылуу Аравансайдын сол курамы Чилисай суусу агып өтөт. Негизинен девон м-н силурдун сланец, кумдук, диабаз, акиташ, алевролит, спилит тектеринен турат. Климаты континенттик; январдын орт. темп-расы –4°С, июлдуку 19°С; жылдык жаан-чачыны 340 мм. Бадал-арча аралашкан талаа ж-а шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу; таманында тал-кайың токойлору, кургак талаа аянттары кездешет. Жайыт. Капчыгайдын Ноокат өрөөнүнө чыга берген жериндеги тик аска таштарда байыркы тамгалар, сөлөкөттөр ж. б. тартылган; капчыгайда калмактардын сепилдеринин, күмбөздөрүнүн урандылары бар.