География:БАРСКОН КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Тескей Алатоонун түн. капталындагы ири капчыгайлардын бири. Тескей Алатоонун суу бөлгүч тилкесинен Ысыккөлдүн түш. жээгине чейин 60 км аралыкта созулуп жатат.

Деңиз деңг. 1608–3500 м бийикте. Капчыгай протерозой ж-а палеозойдун кристаллдык тектеринен (гранит, сланец, гранитдиорит ж. б.), тоо этектери неоген м-н төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө тектеринен. төмөнкү бөлүгү көл жээгиндеги аллювийпролювий чөкмөлөрүнөн турат. Капталдары тик (60–70° чейин) ж-а бийик (2 кмге чейин); таманы төр жагында кууш (150– 300 м). Генезистик тиби б-ча көп бөлүгү кууш эрозиялык капчыгай, жогорку жагы төр тибинде. Капчыгай неогендин акырында (плиоцендин 2-жарымы) ж-а антропо генде (плейстоценде) пайда болгон. Рельефи б-ча үч бөлүктөн турат. Жогорку бөлүгү бийик тоолуу аймакка туура келет; байыркы ж-а азыркы мөңгүлөр өөрчүгөн; төр, тепши сымал өрөөндөр, аска ж. б. морфоскульптуралар мүнөздүү; ортоңку бөлүгү орто бийиктиктеги ж-а жапыз тоолор зонасында; эрозия-денудациялык морфоскульптуралар негизинен терең капчыгайлар (1 кмге чейин куюлма шагылдар ж. б.) мүнөздүү; кооз шаркыратмалар бар; төмөнкү бөлүгү–көл жээгиндеги түздүккө туура келет (капчыгайдын оозунан көлгө чейин); аллювий, пролювий шиленди конусу ээлейт; дарыя нугунун түбү жайык (500–600 мге чейин), капталдары тик. Капчыгай аркылуу Барскон суусу агып өтөт. Климаты мелүүн континенттик; кышы суук, жайы салкын, январдын орт. темп-расы –5...–8°С, июлдуку 12–17°С. Жылдык жаан-чачыны 350–600 мм. Капчыгайда жалпы аянты 0,48 км2 жеткен чакан көлдөр бар. Көл жээгиндеги түздүккө кургак талаа, тоо этегине шалбаалуу талаа, орто бийиктиктеги тоолорго карагайбадалдуу токой, бийик тоолуу бөлүгүнө субальп, альп шалбаасы ж-а бийик тоолуу субнивалдык ландшафттары мүнөздүү. Токой чарбасы бар. Жайкы ж-а кышкы жайыт үчүн пайдаланылат. Капчыгай аркылуу Жогорку Нарын, Акшыйрак сырттарына ж-а Кумтөргө баруучу авт. жолу өтөт.