География:ЧАНДАЛАШ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Түш.-Батыш Теңиртоодо, Пскем ж-а Чандалаш кырка тоолорунун аралыгында жайгашкан. Уз. 75 км, жазылыгы 3–20 км. Деңиз деңг. бийикт. баш жагында (Чакмактын чатында) 2600 м, оозунда (Жаңыбазар кыш. тушта) 1500 м. Өрөөнү капчыгай сымал, кууш, айрым жерлери тектирлүү Ч. ө. палеозой фундаментинин жантайыңкы синклиналдык бүктөлүүсү. Климаты континенттик.

Июлдун орт. темп-расы 15–20° С, январдыкы –6... –12° С. Жылдык жаан-чачыны 437–900 мм. Өрөөн аркылуу Чандалаш суусу ж-а анын куймалары (Ачыкташ, Токмоксалды ж. б.) агат. Өрөөндүн таманына ж-а бөксөлөргө (1500–2000 м бийиктикте) шыбак-кылкандуу, ачык күрөң топурактуу кургак талаа, суу бойлорунда токой ж-а бадал (терек, тал, кайың, шилби, итмурун, бөрүкарагат, жылгын ж. б.), 2000–2900 м бийиктикке талаа ландшафты (буудайык, бетеге, аюучач, шашыр, көкөмерен, аккылкан ж. б.) мүнөздүү. Андан жогору (2900–3700 м) альп ж-а субальп шалбаасы, гляциалдык-нивалдык (3500–3600 мден өйдө) алкактар жайгашкан. Жайыт.