География:ЧАЛКУЙРУК ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Кичи Алай кырка тоосунун чыгышында, Акбуура суусунун алабында жайгашкан. Актөркоргон ж-а Сарыкой тоолорунун аралыгында. Бир нече майда өрөөндөрдөн (Чалкуйрук, Жолчырак, Каракол, Кашкасуу, Сарыгой ж-а Калтабоз) турат. Уз. 40 кмден ашык, туурасы 1–3 км, айрым жерлерде 5–6 км. Деңиз деңг. орт. бийикт. 2600 м. Төмөнкү бөлүгү кууш капчыгайлуу келип, тик аскалуу беттер, бийик жарлар, корумдар мүнөздүү. Ортоңку бөлүгүндө байыркы мореналар, жер көчкүлөр, тепши сымал түздүктөр, быткылдар кездешет. Жогорку бөлүгүндө байыркы ж-а азыркы мореналар, талкаланып тегизделген тоо кырлары, кум-шагылдуу жалпак беттер басымдуу. Сууларынын төмөнкү бөлүгүндө шаркыратмалар, бөгөттөр кездешет.

Кышы суук, ызгаардуу, жайы салкын. Январдын орт. темп-расы —10...—15°С, июлдуку 15— 16°С, жылдык жаан-чачыны 450— 500 ммге чейин. Негизги суулары: Сарыгой, Калтабоз, Жолчырак, Кашкасуу, Чалкуйрук. Тоо-күрөң ж-а кара топурактуу. Талаа, токойлуу талаа, токойлуу шалбаа ландшафттары басымдуу. Жайыт.