География:СЕМИЗБЕЛ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Кочкор өрөөнүнүн чыгышында, Каракоо (3564 м) ж-а Үкөк (4356 м) тоолорунун аралыгында кеңдик багытта жайгашкан. Өрөөндүн жогорку бөлүгү Айгыржал, төмөнкү бөлүгү Сарычат деп аталат. Таманы деңиз деңг.

1900–2300 м бийикте. Рельефи түзөң. Уз. 13–15 км, туурасы 6–7 км. Каракоонун өрөөнгө караган капталы жантайыңкы. Үкөк тоосунуку тик, этегинде шилендилер жатат. Өрөөн төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон аллювий, пролювий ж-а морена борпоң тоо тектеринен турат. Климаты континенттик, июлдун орт. темп-расы 15–16°С, январдыкы —9,9°С. Жылдык жаан-чачыны 200 мм. Жер астындагы сууга бай. Бозомук, ачык күңүрт, каралжын коңур топурактуу. Өрөөндүн таманына, тескейлүү капталына жарым чөл, талаа, шалбаалуу талаа (тоо капталдарында), ландшафттары күнгөйүнө таштак ксерофиттүү өсүмдүктөр өскөн ландшафт мүнөздүү. Кышкы жайыт катары пайдаланылат. Өрөөндө Карасаз ж. б. кыш. жайгашкан.