География:ПАПАН ОЙДУҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Акбуура суусунун алабында; Кичи Алай тоосу, Көкбел ж-а Карасөгөт адырлары м-н курчалган. Ош ш-нан түш. тарапта. Кеңдик багытта 23 кмге чейин созулат. Туурасы 4–5 км.

Таманы деңиз деңг. 1250–1600 м бийикте жатып, тегерегиндеги тоолор м-н адырлардан 600–700 м төмөн. Таманы төртүнчүлүк мезгилдин аллювий, пролювий чөкмөлөрү (кум, чопо, шагылдар ж. б.) м-н толуп, түндүктү карай жантайыңкы. Ойдуңдун таманы м-н Акбуура суусу агып, Каптар капчыгайы тушта суу сактагычка айланган. Климаты кескин континенттик, кургакчыл, январдын орт. темп-расы —4...—5°С, июлдуку 24–25°С. Жылдык жаан-чачыны 300–350 мм. Таманы суу с.; капталдарын жарым чөл, кургак талаа ж-а талаа ландшафттары ээлейт. Мында Алчалы, Папан кыш. жайгашкан. Капталдары чөп чабынды ж-а жай ыт.